Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгү музейи тарабынан 2026-жылдын 12–13-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында «Музейлердин экспозициялык ишмердүүлүгү „Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик“ Уңгужол доктринасын ишке ашыруунун алкагында» аттуу долбоорлоо семинары уюштурулду. Иш-чара музей кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу программасынын алкагында өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын музей тармагынын адистеринин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө,...
Категория: Иш-чаралар
Бишкектеги Будапешттин архитектуралык символу: «Венгрия парламенти» көргөзмөсүнүн ачылышы
2026-жылдын 10-ноябрында М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн музейинде Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулган «Венгрия парламенти» көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү. Экспозиция борбор калаанын тургундарын жана конокторун Будапешттин борборунда Дунай дарыясынын жээгинде жайгашкан Венгриянын эң таанымал символдорунун бири — Венгрия парламентинин имаратынын тарыхы, архитектурасы жана маданий...
Кыргызстандын музей жана китепкана адистери М. Фрунзе атындагы музейдин координациясы менен Казань шаарында окуудан өтүштү
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Казань шаарында ата мекендик музей жана китепкана ишинин адистери үчүн квалификацияны жогорулатуу программасы болуп өттү. Долбоордун административдик уюштуруучусу катары М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгү музейи чыкты. Окутуу Казан мамлекеттик маданият институтунун базасында эки негизги багыт боюнча өттү: Программанын жыйынтыгы боюнча катышуучуларга Казан мамлекеттик маданият институтунун...
«Керемет курак»: аялзатынын жетилгендигине, күчүнө жана сулуулугуна жаңыча көз караш
2026-жылдын 20-октябрында М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгү музейинде автору Табылды кызы Арууке болгон ушул эле аталыштагы социалдык-көркөм медиадолбоордун бир бөлүгү — «Керемет курак» фотокөргөзмөсү болуп өттү. Экспозиция 50 жаштан ашкан аялдардын 22 түстүү сүрөтүн камтыды. Ар бир сүрөт аудиожазуу менен коштолуп, анда каармандар өздөрү жөнүндө айтып, турмуштук тажрыйбалары жана жашоодо алдыга умтулууга жардам берген принциптери...
М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгү музейинин директору Кеңешбек Алмакучуков Беларустагы эл аралык конференцияда Кыргызстандын атынан катышууда
2026-жылдын 20-22-октябрында Беларусь Республикасынын Минск жана Несвиж шаарларында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата «КМШ мейкиндигиндеги музейлик демилгелер» аттуу II Эл аралык илимий-практикалык конференциясы өтүп жатат. Бул ири эл аралык иш-чарага М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгү музейинин директору Кеңешбек Мукашевич Алмакучуков катышууда. Кыргыз Республикасынын музей мекемелеринин жетекчилеринин делегациясынын курамында Кеңешбек Мукашевич биздин...
КРСУнун студенттери М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгү музейинде болушту
М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгү музейи КРСУнун Социалдык-гуманитардык институтунун студенттерин кабыл алды. Музейдин экспозициясы медиа жана коммуникация багытындагы болочок адистер үчүн тарыхый талдоо жүргүзүү, документалдык булактар менен иштөө жана коомдук эс-тутумдун калыптануу процесстерин аңдап-билүү өңүтүнөн өзгөчө кызыгууну жаратат. Сапардын жүрүшүндө студенттер тарыхый фактыларды салыштырууга, ошондой эле доордун визуалдык жана тексттик булактарын талдоого багытталган изилдөө базасы...
М. В. Фрунзенин элесине арналган Экинчи шахмат турнири өтөт
М. В. Фрунзенин элесине арналган Экинчи шахмат турнири 2026-жылдын 19-сентябрында М. В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинде өтөт. Иш-чаранын өнөктөштөрү — Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин «Шайыр балалык» шахмат клубу жана Тиленбаеванын Балдар шахмат борбору. Музейдин дубалдарында шахмат турнирин өткөрүү тарыхка, интеллектуалдык спортко жана маданий мураска болгон кызыгууну айкалыштырган жакшы салтка айланып баратат. Турнир М....
Кыргызстанда биринчи музейдин 100 жылдыгына арналган юбилейлик почта маркаларынын сериясы чыгарылды
11-августта М. В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде Кыргызстандын биринчи музейинин 100 жылдыгына арналган почта маркаларынын юбилейлик сериясына мөөр басуу салтанаттуу иш-чара өттү. М. В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин буюртмасы менен «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан атайын юбилейлик почта маркаларынын сериясы чыгарылды. Бул чыгарылыш — жөн гана филателиялык серия эмес, музейдин жана доордун тарыхын чагылдырган өзгөчө көркөм эстелик. Мындан...






