2026-жылдын 13-июлунда М.В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин илимий кызматкерлери Бишкек шаарынын байыркы түпкү башаты болгон Джуль шаарчасынын (Темирчилер чебинин) археологиялык казуу иштери менен таанышып кайтышты. «Темирчилер чеби» шаарчасы археологиялык эстелик катары Бишкек шаарынын тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине республикалык маанидеги VIII–XIV кылымдарга таандык эстелик катары киргизилген. Археологиялык казуулар Кыргыз Республикасынын 2023–2027-жылдарга арналган «Көөнө тарых сырлары»...
