М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгү музейинин директору Кеңешбек Алмакучуков Беларустагы эл аралык конференцияда Кыргызстандын атынан катышууда

2026-жылдын 20-22-октябрында Беларусь Республикасынын Минск жана Несвиж шаарларында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата «КМШ мейкиндигиндеги музейлик демилгелер» аттуу II Эл аралык илимий-практикалык конференциясы өтүп жатат. Бул ири эл аралык иш-чарага М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгү музейинин директору Кеңешбек Мукашевич Алмакучуков катышууда.

Кыргыз Республикасынын музей мекемелеринин жетекчилеринин делегациясынын курамында Кеңешбек Мукашевич биздин музейдин атынан чыгып, эл аралык аренада ата мекендик тажрыйба менен бөлүшүүдө. Кыргыз делегациясынын курамына ошондой эле Алыкул Осмонов атындагы Мамлекеттик мемориалдык комплексинин жана Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейинин жетекчилери да киришти.

Конференциянын жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн алдыңкы музейлеринин өкүлдөрү музей тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, фонддордун жана экспозициялардын ишине заманбап ыкмаларды киргизүү маселелерин талкуулап жатышат. Катышуучулар тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу, коомдогу музейлердин социалдык ролун жогорулатуу жана биргелешкен маданий демилгелерди иштеп чыгуу маселелерине өзгөчө көңүл бурууда.

Музейдин директорунун мындай маанилүү тармактык иш-чарага катышуусу М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгү музейи үчүн жаңы перспективаларды ачат. Бул — кесиптик байланыштарды кеңейтүүдө, чет элдик кесиптештер менен ийгиликтүү тажрыйба алмашууда жана Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы маданий кызматташтыкты бекемдөөдө маанилүү кадам. Мындай тажрыйба алмашуу биздин музейдин мындан ары өнүгүшүндө жана улуттук байлыгыбызды (мурасыбызды) сактоодо негизги ролду ойнойт.