М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгү музейи КРСУнун Социалдык-гуманитардык институтунун студенттерин кабыл алды.
Музейдин экспозициясы медиа жана коммуникация багытындагы болочок адистер үчүн тарыхый талдоо жүргүзүү, документалдык булактар менен иштөө жана коомдук эс-тутумдун калыптануу процесстерин аңдап-билүү өңүтүнөн өзгөчө кызыгууну жаратат. Сапардын жүрүшүндө студенттер тарыхый фактыларды салыштырууга, ошондой эле доордун визуалдык жана тексттик булактарын талдоого багытталган изилдөө базасы болуп саналган сейрек кездешүүчү архивдик фонддор жана экспонаттар менен таанышышты.
Музей жогорку окуу жайлары менен кызматташууну жигердүү өнүктүрүүнү улантып, студенттик изилдөөлөр үчүн ачык илимий-билим берүү аянтчасы катары кызмат кылууда. Жаштарды жана изилдөөчүлөрдү залыбызда ар дайым кубануу менен күтөбүз!




Leave a Reply