11-август күнү саат 11:00дө М. В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде юбилейлик почта маркаларынын сериясына арналган салтанаттуу азем өтөт.
М.В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейи «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Кыргызстандын алгачкы музейинин 100 жылдыгына арналган юбилейлик почта маркаларынын сериясын чыгарды. Бул филателиялык чыгарылыш гана эмес, доордун тарыхын өзүнө камтыган өзгөчө маданий эстелик болуп саналат.
Мындан 100 жыл мурун Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана аскер башчы Михаил Васильевич Фрунзенин элесин түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз автономиялуу облусунун Советтеринин Борбордук аткаруу комитетинин Президиумунун 1925-жылдын 9-декабрындагы №77-протоколунун негизинде мемориалдык музей түзүлгөн. Кылымдык тарыхында музей ар кыл доорлорду баштан кечирип, өлкөнүн саясий тарыхын сактоочу башкы маданий мекемелердин бири катары өз ордун жоготкон жок. М. В. Фрунзенин өмүр жолу – бир адамдын тагдыры бүтүндөй элдин тарыхы менен кандайча айкалышарын чагылдырган тарых.
Юбилейлик серия тогуз почта маркасынан турат. Алардын көркөм жасалгасында М. В. Фрунзенин өмүрүнүн ар кыл мезгилдериндеги портреттери, музейдин тарыхый имараты, доордун символдору жана анын инсандыгынын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы менен болгон байланышын чагылдырган көркөм образдар орун алган. Сериядагы өзгөчө маркалардын бири музейдин 1975-жылы 50 жылдык мааракесине карата «Элдердин достугу» ордени менен сыйланганына арналган.
Юбилейлик серия 2026-жылы почта жүгүртүүсүнө чыгарылып, филателисттердин гана эмес, Кыргызстандын тарыхына кайдыгер карабаган бардык жарандардын кызыгуусун жаратары шексиз. Бул серия коллекция үчүн да, эстелик белек катары да өзгөчө баалуулукка ээ.
Юбилейлик почта маркаларынын сериясын М. В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинен сатып алууга болот.

Leave a Reply