Борбордун башатын издеп: М. Фрунзе музейинин жамааты Кузнечная крепость (Темир уста чеби) археологиялык казууларында болду

Борбордун башатын издеп: М. Фрунзе музейинин жамааты Кузнечная крепость (Темир уста чеби) археологиялык казууларында болду

2026-жылдын 13-июлунда М.В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин илимий кызматкерлери Бишкек шаарынын байыркы түпкү башаты болгон Джуль шаарчасынын (Темирчилер чебинин) археологиялык казуу иштери менен таанышып кайтышты. «Темирчилер чеби» шаарчасы археологиялык эстелик катары Бишкек шаарынын тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине республикалык маанидеги VIII–XIV кылымдарга таандык эстелик катары киргизилген. Археологиялык казуулар Кыргыз Республикасынын 2023–2027-жылдарга арналган «Көөнө тарых сырлары» тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча Мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылууда. Бул иш сапар музейде 2024-жылдан тартып «Шаардыктар үчүн музей» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан «Джуль — Пишпек — Фрунзе — Бишкек» аттуу экспозициянын илимий концепциясын иштеп чыгуу боюнча илимий теманын...