В Музее М. Фрунзе открылась социально-художественная фотовыставка «Прекрасный возраст»

2026-жылдын 20-октябрында М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгү музейинде автору Табылды кызы Арууке болгон ушул эле аталыштагы социалдык-көркөм медиадолбоордун бир бөлүгү — «Керемет курак» фотокөргөзмөсү болуп өттү.

Экспозиция 50 жаштан ашкан аялдардын 22 түстүү сүрөтүн камтыды. Ар бир сүрөт аудиожазуу менен коштолуп, анда каармандар өздөрү жөнүндө айтып, турмуштук тажрыйбалары жана жашоодо алдыга умтулууга жардам берген принциптери менен бөлүшөт. Мунун аркасында келүүчүлөр аялдардын портреттерин көрүп гана тим болбостон, алардын жеке окуяларын жана дүйнөгө болгон көз караштарын угууга да мүмкүнчүлүк алышты.

Долбоор жетилген куракка жаңыча — өчүү мезгили катары эмес, ички күчтүн, эркиндиктин, акылмандыктын жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн убагы катары кароону сунуштайт. Сүрөттөр жана каармандардын жеке баяндары аркылуу көргөзмө өзгөчөлүктүн (индивидуалдуулуктун) баалуулугун жана сулуулук жөнүндөгү түшүнүктөрдүн ар түрдүүлүгүн баса белгилеп, аялзатынын жашоосунун көп кырдуулугун ачып берет.

Искусствонун жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулган. Көрүүсү начар (азиз) келүүчүлөр үчүн сүрөттөр тифлокомментарийлер — сунушталган экспозиция менен тереңирээк таанышууга мүмкүндүк берген сүрөттөрдүн визуалдык мазмунун сөз менен баяндоо аркылуу коштолот.