Project Category: Анонстор

Home / Анонстор
«Венгриянын исламдык архитектуралык мурасы» сүрөт көргөзмөсү

«Венгриянын исламдык архитектуралык мурасы» сүрөт көргөзмөсү

22-сентябрда саат 11:00дө Бишкек шаарындагы М.В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде «Венгриянын исламдык архитектуралык мурасы» аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Иш-чара Кыргыз Республикасындагы Венгриянын Элчилигинин колдоосу менен уюштурулган. Экспозиция кыргыз, орус жана англис тилдериндеги аннотациялары бар 28 сүрөттү жана көркөм эмгекти камтыйт. Көргөзмө келип түшүүчүлөрдү Венгрия тарыхындагы 150 жылдык осман доорунан сакталып калган архитектуралык эстеликтер — Печ, Сигетвар,...

Кыргызстанда өлкөнүн биринчи музейинин 100 жылдыгына карата почта маркаларынын сериясы чыгарылды

Кыргызстанда өлкөнүн биринчи музейинин 100 жылдыгына карата почта маркаларынын сериясы чыгарылды

11-августта саат 11:00дө М. В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде юбилейлик почта маркаларынын сериясын атайын өчүрүүнүн салтанаттуу аземи болот. М. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин буйрутмасы боюнча «Кыргыз почтасы» ишканасы Кыргызстандын биринчи музейинин 100 жылдыгына арналган юбилейлик почта маркаларынын сериясын чыгарды. Бул жөн гана филателиялык чыгарылыш эмес, почта маркасынын өлчөмүнө сыйдырылган доордун кичинекей эстелиги. Мындан 100 жыл мурун, Кыргызстанда...

19-июнда М.В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде «Аял-жаратуучулардын образы: өткөн чак жана азыркы доор» аттуу көргөзмө ачылат

19-июнда М.В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде «Аял-жаратуучулардын образы: өткөн чак жана азыркы доор» аттуу көргөзмө ачылат

2026-жылдын 19-июнунда саат 11:00дө М.В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде «Аял-жаратуучулардын образы: өткөн чак жана азыркы доор» аттуу көчмө көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Көргөзмөнүн максаты — көркөм жана документтик материалдар аркылуу көбүнчө байкалбай калган, бирок коом үчүн өтө чоң мааниге ээ болгон күчтүү жана эмгекчил аялдардын эмгегин көрсөтүү. Экспозиция ХХ кылымдагы кыргыз аялдарынын эмгек жолун заманбап эмгекчи аялдардын...

16-майда Фрунзе музейинде академиялык сүрөт тартуу боюнча мастер-класс өтөт

16-майда Фрунзе музейинде академиялык сүрөт тартуу боюнча мастер-класс өтөт

16-майда Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде «Искусство линии» (Сүрөт сызыгынын искусствосу) аттуу көркөм мастер-класс болот. Иш-чара чыгармачыл ой жүгүртүүнү, көркөм кабылдоону жана академиялык сүрөт тартуунун практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Мастер-класстын форматы кесиптик чөйрөдө жандуу баарлашууну, автордук ыкмаларды көрсөтүүнү жана тажрыйбалуу сүрөтчүнүн жетекчилиги астында катышуучулардын практикалык иштөөсүн камтыйт. Мастер-класстын жетекчиси катары кесипкөй сүрөтчү Жакыпов Залкар чыгат. Ал...

Фрунзе музейинде 16-майда «Музейлер түнү» өтөт

Фрунзе музейинде 16-майда «Музейлер түнү» өтөт

Эл аралык ICOMдун демилгеси менен жыл сайын 18-майда белгиленүүчү Эл аралык музей күнүн утурлай, М. В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейи борбор калаанын тургундарын жана конокторун 16-май күнү саат 14:00дөн 21:00гө чейин боло турган «Музейлер түнү» эл аралык акциясына катышууга чакырат. 2026-жылдагы акциянын темасы — «Бөлүнүп-жарылган дүйнөнү бириктирген музейлер». Бул ураан музейлердин диалог мейкиндиги катары өзгөчө ролун,...

Эмирдин кылычы: доорлордун алмашуусунун символу

Эмирдин кылычы: доорлордун алмашуусунун символу

М. В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейи «Эмирдин кылычы: доорлордун алмашуусунун символу» аттуу бир экспонаттын көргөзмөсүнүн ачылышына чакырат. Көргөзмөнүн борбордук экспонаты — Орто Азиядагы Жарандык согуштун окуялары менен байланышкан Бухаранын акыркы эмири Сейид Алим-хандын кылычы, уникалдуу тарыхый реликвия болот. Бул буюм XIX кылымдын аягы — XX кылымдын башындагы орто азиялык муздак куралдын үлгүсү гана болбостон, ошондой эле...