10-ноябрда М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгү музейинде «Венгрия парламенти» аттуу көргөзмөнүн ачылышы өтөт.
Венгрия парламентинин имараты — Венгриянын эң таанымал архитектуралык символдорунун бири жана неоготика стилиндеги көрүнүктүү эстелик. Будапешттин чок ортосунда, Дунай дарыясынын жээгинде жайгашкан бул имарат өзүнүн улуу архитектурасы, бай ички жасалгасы жана тарыхый мурасы менен суктандырат.
Көргөзмө келүүчүлөрдү имараттын жаралуу тарыхы, анын архитектуралык өзгөчөлүктөрү жана Венгрия мамлекеттүүлүгүнүн символу катары мааниси менен тааныштырат.
Экспозиция Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулган.
Датасы: 2026-жылдын 10-ноябры (шейшемби)
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгү музейи
Дареги: Бишкек ш., Фрунзе көчөсү, 364
Борбор калаанын тургундарын жана конокторун Европанын архитектуралык символдорунун бири менен таанышып, Венгриянын тарыхына күбө болууга чакырабыз.
