Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Казань шаарында ата мекендик музей жана китепкана ишинин адистери үчүн квалификацияны жогорулатуу программасы болуп өттү. Долбоордун административдик уюштуруучусу катары М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгү музейи чыкты.
Окутуу Казан мамлекеттик маданият институтунун базасында эки негизги багыт боюнча өттү:
- Инновациялар жана санариптештирүү: музей фонддорун санариптештирүү, маалыматтык системалар менен иштөө, мультимедиялык технологияларды киргизүү жана инклюзивдик музей чөйрөсүн өнүктүрүү.
- Мурасты сактоо: музей буюмдарын жана сейрек кездешүүчү басылмаларды консервациялоо жана реставрациялоо негиздери, ошондой эле маданий баалуулуктарды коргоонун заманбап ыкмалары.
Программанын жыйынтыгы боюнча катышуучуларга Казан мамлекеттик маданият институтунун окуу-усулдук базасына аралыктан кирүү мүмкүнчүлүгү берилди.
Биздин музей тарабынан координацияланган бул долбоорду ишке ашыруу ата мекендик адистердин квалификациясын жогорулатууга, алдыңкы эл аралык тажрыйба алмашууга жана Кыргызстандын бай музей коллекцияларын сактоо, изилдөө жана санариптештирүү боюнча ишти сапаттуу жакшыртууга багытталган.








