2026-жылдын 13-июлунда М.В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин илимий кызматкерлери Бишкек шаарынын байыркы түпкү башаты болгон Джуль шаарчасынын (Темирчилер чебинин) археологиялык казуу иштери менен таанышып кайтышты. «Темирчилер чеби» шаарчасы археологиялык эстелик катары Бишкек шаарынын тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине республикалык маанидеги VIII–XIV кылымдарга таандык эстелик катары киргизилген.
Археологиялык казуулар Кыргыз Республикасынын 2023–2027-жылдарга арналган «Көөнө тарых сырлары» тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча Мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылууда.
Бул иш сапар музейде 2024-жылдан тартып «Шаардыктар үчүн музей» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан «Джуль — Пишпек — Фрунзе — Бишкек» аттуу экспозициянын илимий концепциясын иштеп чыгуу боюнча илимий теманын негизинде уюштурулду.
Археологиялык эстелик жана андагы иштер менен талаа изилдөөлөрүнүн жетекчиси — Мамлекеттик Эрмитаждын Чыгыш бөлүмүнүн улук илимий кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты Асан Торгоев тааныштырды. Талаа изилдөөлөрүнө Мамлекеттик Эрмитаждын илимий кызматкерлери, тарыхка кызыккан ыктыярчылар, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) студенттери катышууда.
Быйылкы талаа мезгилинде экспедиция эрте орто кылымдарга таандык деп болжолдонгон керамика сыныктарын, ошондой эле кийинки доорлорго, анын ичинде XX кылымдын башына чейинки мезгилге таандык буюмдарды тапты. Мындан тышкары, таш менен төшөлгөн көчөнүн калдыктары аныкталды. Талаа изилдөөлөрү «Кыргызреставрация» илимий-изилдөө долбоорлоо институтунун буюртмасы менен жүргүзүлүүдө.
Музей кызматкерлерине эстеликтин изилдениш тарыхы жана учурдагы казуу иштеринин жыйынтыктары тууралуу кеңири маалымат берилди. Бул шаарчаны алгач 1928–1929-жылдары П.П. Иванов изилдеп, борбордук урандыларын сүрөттөп жазган. Ал эми 1950–1970-жылдары №10 орто мектептин археологиялык ийрими Н.Д. Черкасовдун жетекчилиги астында эстеликке байкоо жүргүзүп, жер үстүндөгү археологиялык материалдарды чогулткан. Ал учурда табылган артефакттар бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин фонддорунда сакталууда.
Казуу иштери учурунда табылган жаңы табылгалар келечекте уюштурула турган «Джуль — Пишпек — Фрунзе — Бишкек» аттуу тематикалык көргөзмөнүн негизин түзөт. Бул борбор шаардын тарыхын эрте орто кылымдарга (VII кылымга) чейин тереңдетип көрсөтүүгө жана Бишкектин тарыхын — Улуу Жибек жолундагы орто кылымдагы чакан чептен тартып азыркы заманбап борбор калаага чейинки өнүгүү жолун — бирдиктүү экспозициялык сценарий аркылуу чагылдырууга өзгөчө мүмкүнчүлүк берет.




