Жүрүм-турум эрежелери

Home / Жүрүм-турум эрежелери

Музейдеги жүрүм-турум эрежелери
М.В. Фрунзе атындагы мемориалдык үй-музейи

1. Иштөө тартиби

  • Музей конокторду күн сайын саат 11:00дөн 16:30га чейин кабыл алат.
  • Санитардык күн — ар айдын акыркы жума күнү (музей келүүчүлөр үчүн жабык).
  • Келүүчүлөрдү киргизүү музей жабылууга 30 мүнөт калганда токтотулат.
  • Иштөө тартибине киргизилген өзгөртүүлөр ушул баракчада жана музейдин расмий социалдык тармактарында жарыяланат.

2. Кирүү жана билеттер

  • Музейге кирүү билеттин негизинде гана жүзөгө ашырылат.
  • Билеттерди музейдин кассасынан келген күнү сатып алууга болот.
  • Жеңилдиктер тастыктоочу документ көрсөтүлгөндө гана берилет.
  • Музей кызматкеринин талабы боюнча келүүчү билетти, ошондой эле жеке буюмдарын текшерүү үчүн көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Музейдеги жүрүм-турум эрежелери

Келүүчүлөргө уруксат берилет:

  • Экспозицияны өз алдынча кыдырып көрүүгө.
  • Экскурсияга жазылууга (топтор үчүн алдын ала жазылуу милдеттүү).
  • Жеке максатта жаркылдаксыз (вспышкасыз) жана штативсиз сүрөт, видео тартууга.

Келүүчүлөр милдеттүү:

  • Сырткы кийимдерди, чоң сумкаларды, рюкзактарды жана кол чатырларды гардеробго тапшырууга.
  • Уюлдук телефондордун үнүн өчүрүүгө.
  • Гардеробдон берилген номерди сактоого.
  • Музей кызматкерлеринин өтүнүчтөрүн жана талаптарын аткарууга.
  • Музей жабылгандан кийин 15 мүнөттүн ичинде имараттан чыгып кетүүгө.

Келүүчүлөргө тыюу салынат:

  • Экспонаттарды жана витриналарды кол менен кармоого, тосмолордон өтүүгө.
  • Музейге курал-жарактарды, тез тутануучу жана уулуу заттарды алып кирүүгө.
  • Музейде сырткы кийим менен жүрүүгө.
  • Залдарга тамак-аш жана суусундуктарды алып кирүүгө.
  • Жаркылдакты жана штативди (анын ичинде моноподду жана селфи-таякты) колдонууга.
  • Залдарда катуу сүйлөөгө жана телефон аркылуу сүйлөшүүгө.
  • Музейге жаныбарлар менен келүүгө (жетектөөчү иттер — собака-поводыри гана коштолот).
  • Тамеки тартууга (электрондук тамекилерди кошо алганда) жана мас абалында жүрүүгө.

4. Сүрөт жана видео тартуу

  • Жаркылдаксыз жана штативсиз сүйүүчүлүк сүрөт-видео тартуу акысыз.
  • Профессионалдык жана коммерциялык съемка (кошумча жарык, жабдуулар, моделдер менен) администрациянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана жүргүзүлөт.

5. Келүүчүлөрдүн жоопкерчилиги

  • Экспонаттарды же музейдин мүлкүн бузгандыгы үчүн келүүчү зыяндын толук наркын төлөп берүүгө милдеттүү.
  • Гардеробдун номери жоголгон учурда администраторго кабарлоо зарыл.

6. Администрациянын укуктары

  • Музей администрациясы төмөнкү укуктарга ээ:
    • Ушул эрежелерди же коомдук тартипти бузган келүүчүнү музейден четтетүүгө.
    • Иш графигин өзгөртүүгө же оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу айрым залдарды жабууга.
    • Өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда келүүчүлөрдү киргизүүнү чектөөгө же убактылуу токтотууга.