Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгү музейи тарабынан 2026-жылдын 12–13-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында «Музейлердин экспозициялык ишмердүүлүгү „Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик“ Уңгужол доктринасын ишке ашыруунун алкагында» аттуу долбоорлоо семинары уюштурулду.
Иш-чара музей кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу программасынын алкагында өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын музей тармагынын адистеринин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө, музей ишмердүүлүгүнө заманбап технологияларды киргизүүгө жана алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшүүгө багытталды.
Семинардын жүрүшүндө сабактарды төмөнкү адистер өткөрүштү: тарых илимдеринин доктору, профессор Абытов Б.К. (Кыргыз Республикасы, ОшМУ), тарых илимдеринин кандидаты, доцент Нефляшева Н.А. (Россия Федерациясы, Россия Илимдер академиясы), Абдыкалыкова Г.К. (Кыргыз Республикасы, мурдагы маданият министринин орун басары), педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Махмутова М.М. (Россия Федерациясы, Татарстан, Казан мамлекеттик маданият институту), Определенов В.В. (Россия Федерациясы, Москва шаары), Халикова Д.Р. (Россия Федерациясы, «Маданий практикалар лабораториясы» автономдуу коммерциялык эмес уюму), Сакирко М.А. (Россия Федерациясы, Москва музейи), Гайнуллин Д.А. (Россия Федерациясы, Башкортостан, Шүлгән-Таш музейи), Ухина Д.С. (БишСИ), Токмергенова А.Т. (БишСИ), Темирова Т.Н. (Кыргыз Республикасы, М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгү музейи).
Семинардын алкагында катышуучулар экспозициялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, музей көргөзмөлөрүн түзүүнүн заманбап ыкмаларын, инновациялык технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Уңгужол доктринасын ишке ашыруунун алкагында улуттук тарыхый-маданий мурасты сактоо, изилдөө жана жайылтууда музейлердин ролун талкуулашты.
Семинар кесиптик диалог жүргүзүү, билим жана тажрыйба алмашуу, келечектеги багыттарды талкуулоо жана Кыргыз Республикасында музей ишин өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды.








