2026-жылдын 10-ноябрында М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн музейинде Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулган «Венгрия парламенти» көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.

Экспозиция борбор калаанын тургундарын жана конокторун Будапешттин борборунда Дунай дарыясынын жээгинде жайгашкан Венгриянын эң таанымал символдорунун бири — Венгрия парламентинин имаратынын тарыхы, архитектурасы жана маданий мааниси менен тааныштырды.

Келүүчүлөр имараттын курулуш тарыхы, анын архитектуралык өзгөчөлүктөрү, бай ички жасалгасы жана венгер мамлекеттүүлүгүнүн символдору тууралуу биле алышты. Неоготика стилинде тургузулган парламент көрүнүктүү архитектуралык эстелик гана болбостон, Венгриянын улуттук тарыхынын жана биримдигинин маанилүү чагылдырылышы болуп саналат.

Көргөзмөнү өткөрүү Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөнүн дагы бир кадамы, ошондой эле эки өлкөнүн маданият жана музей иши жаатындагы кызматташтыгынын уландысы болду.

Көргөзмөнү уюштурууга жана эл аралык маданий диалогду өнүктүрүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине жана бардык өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдиребиз.