16-майда Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде «Искусство линии» (Сүрөт сызыгынын искусствосу) аттуу көркөм мастер-класс болот. Иш-чара чыгармачыл ой жүгүртүүнү, көркөм кабылдоону жана академиялык сүрөт тартуунун практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Мастер-класстын форматы кесиптик чөйрөдө жандуу баарлашууну, автордук ыкмаларды көрсөтүүнү жана тажрыйбалуу сүрөтчүнүн жетекчилиги астында катышуучулардын практикалык иштөөсүн камтыйт.
Мастер-класстын жетекчиси катары кесипкөй сүрөтчү Жакыпов Залкар чыгат. Ал катышуучуларды композициялык түзүлүштүн негиздери, форманын, пропорциянын, перспективанын өзгөчөлүктөрү, ошондой эле жарык-көлөкө жана көркөм образ менен иштөө принциптери менен тааныштырат.
Иш-чаранын программасы уюштуруу бөлүгүн, теориялык блокту, сүрөттү этап-этабы менен аткарууну көрсөтүүнү жана катышуучулардын практикалык ишин камтыйт. Сабактын жүрүшүндө катышуучулар техникалык көндүмдөрүн гана өркүндөтпөстөн, сызык жана графика тили аркылуу жеке көркөм көз карашын ача алышат.

Leave a Reply