19-сентябрда М. В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинде Михаил Васильевич Фрунзенин элесине арналган Экинчи шахмат турнири болуп өттү.
Турнир тарыхый эстутумду, билим берүүнү, маданиятты жана интеллектуалдык спортту бириктирген жакшы салттын уландысы болду. Музейдин дубалдарында Бишкек шаарындагы мектептердин жана жогорку окуу жайлардын окуучулары, ошондой эле борбор калаадагы шахмат ийримдеринин жаш катышуучулары баш кошушту.
Турнирдин өнөктөштөрү – Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин «Шайыр балалык» шахмат клубу жана Тиленбаеванын Балдар шахмат борбору.
Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар көңүл топтоо, сабырдуулук, стратегиялык ой жүгүртүү жана туура чечим кабыл алуу жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Ар бир партия билимди жана чеберчиликти гана эмес, атаандашка болгон сый-урматты, спорттук духту жана өнүгүүгө болгон умтулууну талап кылган интеллектуалдык таймашка айланды.
Шахмат турниринин музей мейкиндигинде өткөрүлүшү өзгөчө мааниге ээ. М. В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейи – тарыхый мурасты сактаган жай гана эмес, жаш муундар үчүн жаңы формаларда баарлашууга жана өз ара аракеттенүүгө шарт түзгөн заманбап маданий-билим берүү мейкиндиги.
Турнирди өткөрүүгө көрсөткөн колдоосу жана балдар менен жаштардын интеллектуалдык спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн биз демөөрчүлөрүбүз – «Фрунзе» ресторанына жана «Тойбосс» компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин колдооңуздар менен мындай демилгелерди ишке ашырып, аларды жакшы салтка айландырууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
Ошондой эле турнирди уюштурууга салым кошкон бардык катышуучуларга, уюштуруучуларга, машыктыруучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.