22-сентябрда М. В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейде «Мажарстандын ислам архитектуралык мурасы» аттуу фотокөргөзмөнүн ачылыш аземи болуп өттү. Көргөзмө Кыргыз Республикасындагы Венгриянын Элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.

Экспозицияга кыргыз, орус жана англис тилдериндеги аннотациялар менен 28 фотосүрөт коюлган. Көргөзмө Мажарстандын тарыхындагы Осмон империясынын доорунан бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген архитектуралык эстеликтер менен тааныштырат. Алардын катарына Печ, Сигетвар, Эгер, Шиклош жана Будапешт шаарларындагы мечиттер, мунаралар, күмбөздөр-түрбөлөр жана мончолор (хамамдар) кирет.

Көргөзмөнүн ачылыш аземинде Кыргыз Республикасындагы Мажарстандын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Андрей Букай, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов, ошондой эле М. В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейдин директору Кенешбек Алмакучуков сөз сүйлөштү.

Өз сөздөрүндө иш-чаранын катышуучулары маданий мурастын элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана диалогду өнүктүрүүдөгү маанисин белгилешти. Ошондой эле ар түрдүү маданияттардын кылымдар бою өз ара байланышын чагылдырган архитектуралык эстеликтерди сактоонун маанилүүлүгүнө токтолушту.

«Мажарстандын ислам архитектуралык мурасы» көргөзмөсү көрүүчүлөргө Мажарстандын тарыхындагы кеңири белгилүү болбогон барактар менен таанышууга, ошондой эле Осмон архитектуралык салтынын элементтери өлкөнүн заманбап маданий мейкиндигинде кандайча сакталып калганын көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Уюштуруучулар бул көргөзмө мындан аркы маданий алмашууга, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана ар түрдүү элдердин тарыхый жана архитектуралык мурастарына болгон өз ара кызыгууну арттырууга өбөлгө түзөт деп ишенишет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.