Тарых
М. В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейи РСФСРдин Кыргыз автономиялуу облусунун Советтер Аткаруу комитетинин Президиумунун токтому менен 1925-жылдын 9-декабрында негизделген. Музейди Пишпек шаарындагы Михаил Васильевич Фрунзе 1885-жылдын 2-февралында туулуп, балалык чагы өткөн үйдө ачуу чечими кабыл алынган. Музей өзүнүн алгачкы келүүчүлөрүн 1927-жылдын 5-мартында кабыл алган. Экспозиция Кыргыз АССРинин Советтеринин Биринчи Уюштуруу съездинин ачылышына карата даярдалып, анын бир бөлүгү Михаил Фрунзени эскерүүгө арналган.
Алгач «Борбордук музей» деп аталган музейдин негизделиши Кыргызстандын этнографиясын, тарыхын жана жаратылышын системалуу түрдө изилдөөгө жол ачкан. Ар кайсы жылдары музей Мамлекеттик край таануу музейи, кийинчерээк М. В. Фрунзе атындагы Революция музейи катары өнүгүп келген. 1940-жылдары анын курамынан улуттук маданият жана жаратылыш боюнча өзүнчө көз карандысыз музейлер бөлүнүп чыккан.
1967-жылы Октябрь революциясынын 50 жылдыгына карата музей жаңы имаратта ачылган. 1975-жылы М. В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейи Элдердин достугу ордени менен сыйланган. 2002-жылы музей Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин Мамлекеттик тизмесине киргизилген.